“1-октябрь–Улгайган адамдардын күнүнө” карата райондун бардык айыл аймактарында иш- чаралар өткөрүлөт.
Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын резервдик фондунан акча каражаты бөлүнүп, улгайган адамдарга материалдык жардамдар берилди.
Бүгүн, Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергенов жана аппарат кызматкерлери тарабынан уюштурулган “1-октябрь–Улгайган адамдардын күнүнө” карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага Нарын районунун акими Мадимаров Нуридин Султанович катышып, Дөбөлү айыл аймагынын бардык айылдарынан чакырылган, карылыктын доорун сүрүп, алмашкыс акыл насааты менен кадырлуу болгон, аксакал аталарга жана ак элечек энелерге, бүгүнкү майрамы менен жеринде куттуктоо сөзүн арнады:
Урматтуу улуу муундун өкүлдөрү!
Сиздер турмуштун түрдүү даамын татып, ак-караны так ажыратып көзүңүздөр каныгып, оош-кыйыш кыйынчылыктарды бабалардан келаткан улуу нарк менен жеңип келдиңиздер. Биз сиздерден улуу наркты улап, андан ары алып кетүүнү үйрөнүп келебиз.
Сиздердин руханий дөөлөттөрдү, улуттук баалуулуктарды ыйык сактап, кийинки муунга өткөрүп берип жатканыңыздар – Кыргызстан үчүн баа жеткис байлык.
Жашооңуздардын ар бир күнү жакындарыңыздардын жылуулугу менен толуп турсун, ар дайым ата-бабаларыбыздан калган нарк насилибизди сактоочу тирегибиз болуп жүрө бериңиздер.
Сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр каалайм, үйдүн куту, төрдүн көркү болуп жүрө бериңиздер. Бар болуңуздар, кадырман карыларым.
Нарын районунда 70-80 жашка чейин 1044, 80-90 жашка чейин 571, 90-100 жашка 68 адам, ал эми 100 жаштан ашкан 4 карыбыз дөөлөттү карылыкта өмүр сүрүүдө.
Белгилей кетсек ушундай эле иш-чаралар районубуздун бардык айыл аймактарында 15-октябрга чейин белгиленет.