МАДАНИЯТ БӨЛҮМҮНҮН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ БАЛДАР МЕНЕН КЫШКЫ ЭС АЛУУДА
2026-жылдын 6-январында Муса Баетов атындагы Нарын райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери кышкы каникулдун алкагында Алыш айылындагы муз аянтчасына барышып, жергиликтүү балдар менен биргеликте оюн-зоок иш-чарасын уюштурушту. Маданият кызматкерлери тарабынан уюштурулган кызыктуу оюндар, бийлер жана шаңдуу музыка эс алуучуларга жагымдуу маанай тартуулады.
