Кышкы каникул

Миң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Эмгекчил айылындагы Т.Байбураев атындагы жалпы билим берүү мектебинде окуучулардын кышкы эс алуу мезгилин мазмундуу жана кызыктуу өткөрүү максатында атайын иш-пландын негизинде бир катар иш-чаралар өткөрүлдү. Башталгыч класстардын окуучулары жана алардын ата-энелери үчүн «Спорт — ден соолуктун булагы» аттуу эстафета сабагы мугалимдер тарабынан уюштурулуп, өткөрүлдү. Мындан тышкары,…

Толук окуу…

ОКУУЧУЛАР ҮЧҮН ТАРБИЯЛЫК, МАДАНИЙ ИШ-ЧАРАЛАР ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ✅

2026-жылдын 9-январында Ж.Ишеналиев атындагы айылдык клубда окуучулар үчүн «Жаңы күч» аттуу тарбиялык көркөм тасма көрсөтүлдү. Тасма жаштардын руханий дүйнөсүн байытып, адеп-ахлактык баалуулуктарды жана адамгерчилик сапаттарды даңазалаган терең мазмуну менен өзгөчөлөндү. Иш-чара жаш өспүрүмдөрдүн келечекке болгон көз карашын кеңейтип, өзүнө болгон ишенимин бекемдөөгө жана жашоодо туура чечим кабыл алууга шыктандырууга багытталды.…

Толук окуу…

Кышкы каникулду пайдалуу жана мазмундуу өткөрүү максатында иш-чара уюштурулду Нарын районунун Э. Дайракунов айыл өкмөтүнө караштуу Казан-Куйган айылындагы М.Өмүрзакова атындагы китепканада кышкы каникул учурунда окуучулардын эс алуусун пайдалуу өткөрүү, алардын ой жүгүртүүсүн жана чыгармачылыгын өнүктүрүү максатында ата-энелер жана балдар менен биргеликте иш-чара өткөрүлдү.

Толук окуу…

МУЗ АЯНТЧАЛАРЫНДАГЫ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИ ТҮШҮНДҮРҮЛҮҮДӨ

Нарын районундагы кышкы эс алуу маалында уюштурулган муз аянтчаларында жарандардын, өзгөчө балдардын коопсуздугун камсыздоо максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Муз аянтчаларын иштетип жаткан жеке ишкерлерге жана кызмат көрсөтүүчүлөргө коопсуздук чараларын камсыз кылуу, эс алуучулардын коопсуздугу үчүн жоопкерчилик маанилүү экени эскертилди. Ошондой эле, ата-энелерге жана эс алууга келген жарандарга балдарды кароосуз калтырбоо…

Толук окуу…

Кышкы каникул мезгилинде окуучулар үчүн ар түрдүү иш-чаралар өтүүдө✅

Нарын райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан бекитилген иш-чаралар планынын алкагында, билим берүү ,маданият жана спорт тармактарында 12 күндүк кышкы каникул учурунда мектеп окуучулары үчүн ар түрдүү маданий жана спорттук иш-чаралар өткөрүлүүдө. Иш-чаралардын негизги максаты — окуучулардын бош убактысын мазмундуу өткөрүүгө шарт түзүү, чыгармачылык жана интеллектуалдык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө көмөктөшүү. Ар бир мектеп…

Толук окуу…

МАДАНИЯТ БӨЛҮМҮНҮН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ БАЛДАР МЕНЕН КЫШКЫ ЭС АЛУУДА

2026-жылдын 6-январында Муса Баетов атындагы Нарын райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери кышкы каникулдун алкагында Алыш айылындагы муз аянтчасына барышып, жергиликтүү балдар менен биргеликте оюн-зоок иш-чарасын уюштурушту. Маданият кызматкерлери тарабынан уюштурулган кызыктуу оюндар, бийлер жана шаңдуу музыка эс алуучуларга жагымдуу маанай тартуулады.

Толук окуу…