🎈 1-ИЮНЬ — БАЛДАРДЫ КОРГОО КҮНҮ: СОЦИАЛДЫК КОЛДОО

Бүгүн, 2025-жылдын 1-июнунда — Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Э. Жанболотова Жан-Булак айылындагы аз камсыз, турмуш шарты оор үй-бүлөдон кабар алды. Үй-бүлөнүн жашоо шартын көрүп, балдарга майрамдык маанай тартуулап, таттуулар жана керектүү азык-тулукторду тапшырды. Акимдин орун басары Э.Жанболотова мындай үй-бүлөлөргө мамлекеттик колдоону…

Толук окуу…

Нарын  райондук мамлекеттик администрациясы мамлекеттик менчикте турган жер тилкелерди ижарага берүүгө конкурс жарыялайт

Жарыянын мазмуну: Нарын  райондук мамлекеттик администрациясы мамлекеттик менчикте турган жер тилкелерди ижарага берүүгө конкурс жарыялайт     № Жайгашкан жери Пайдалануу максаты Жалпы аянты Ижара мөөнөтү Баштапкы ижара акысы (жыл) 1. Мищ-Булак  айыл аймагы Кош-Дөбөучастогу Асфальтбетон чыгаруучу завод 1,0 гектар     5 жылга чейин Орточо 120 мищ  сом   Жер…

Толук окуу…

🎈 1-ИЮНЬ — ЭЛ АРАЛЫК БАЛДАРДЫ КОРГОО КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

1-июнь-Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата майрамдык иш-чаралар өткөрүлүп, белектер тапшырылды. Нарын районунун акими Мадимаров Нуридин Султанович ар бир айыл өкмөттөгү аз камсыз, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдарына жеринде барып, майрамдык маанай тартуулап, белектерин тапшырды. Белектер көп балалуу, аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдарына, чет өлкөдө эмгектенип жүргөн мигранттардын балдарына, бала бакчада тарбияланып…

Толук окуу…

✅✅✅КАЗАН-КУЙГАН АЙЫЛЫНДА ЖАҢЫ КИЧИ ФУТБОЛДУК АЯНТЧА АЧЫЛДЫ

2025-жылдын 31-майында Э.Дайракунов айыл аймагына караштуу Казан-Куйган айылында жаңы кичи футболдук аянтчанын ачылышы болуп, пайдаланууга берилди. Иш-чарага Нарын районунун акими Мадимаров Нуридин Султанович, Э.Дайракунов айыл өкмөтүнүн башчысы Сыдыкбеков Талантбек Акматалиевич, аксакалдар, жергиликтүү тургундар жана жаштар катышты. Аким иш-чарада “Спорт—ден соолуктун жана ынтымактын булагы. Бул аянтча жаштардын сергек жашоосуна жана биримдигине…

Толук окуу…

✅✅✅РЕСПУБЛИКАЛЫК “МАНАС” АЙТУУ СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ

Бүгүн, 2025-жылдын 30-майында Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мадимаров Нуридин Султанович республикалык деңгээлде өткөн “Манас” айтуучулар сынагында жеңүүчү болгон Үсөнкулов Алишерди кабыл алып, “1-июнь-Эл аралык балдарды коргоо күнү” менен куттуктады. Алишер Миң-Булак айыл аймагына караштуу Куйбышев айылындагы Актан Тыныбек атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу. Аким Н.Мадимаров жаш талантты куттуктап: “Манас…

Толук окуу…

НАРЫН ОБЛУСУНА РОССИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫНАН РАСМИЙ ДЕЛЕГАЦИЯ МЕНЕН КЕЛГЕН КЫРГЫЗ ДИАСПОРА ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТТҮ

2025-жылдын 30-майында Россия Федерациясынын Президентинин чет өлкөлөр менен региондор аралык жана маданий байланыштар боюнча башкармалыгынын башчысы Игорь Масловдун Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында, Москва шаарынан келген Кыргыз диаспорасынын Нарын облусу боюнча өкүлдөрүн Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мадимаров Нуридин Султанович кабыл алды. Жолугушууда билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо…

Толук окуу…

✅НАРЫН РАЙОНУНДА АСЫЛ ТУКУМ ЧАРБАСЫНЫН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ

Бүгүн, 2025-жылдын 28-апрелинде Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси А.Мүсүрканов, Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ботояров менен биргеликте Учкун айыл өкмөтүнө караштуу Куланак айылындагы “Азим+С” асыл тукум кой чарбасынын(меринос тукумундагы койлор) ишмердүүлүгү менен жеринен таанышты. Жолугушуунун жүрүшүндө чарбанын учурдагы ишмердүүлүгү, асыл тукум мал багуудагы ийгиликтери жана…

Толук окуу…

КУЛАНАК АЙЫЛЫНДА СЕЛ СУУЛАРЫ КӨЗӨМӨЛГӨ АЛЫНДЫ

2025-жылдын 28-майында таңкы саат 06:00 чамасында нөшөрлөгөн жаандын кесепетинен Учкун айыл өкмөтүнө караштуу Куланак айылындагы «Терек-Суу» жана «Кур-Кокту» коктуларынан сел жүрүп, Нарын–Баетов жолун каптап, 15 турак жайдын короо-сарайларына кирген. Жарандардын өмүрүнө жана турак жайларына олуттуу зыян келген жок, материалдык чыгымдар катталган эмес. Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мадимаров Нуридин Султановичтин…

Толук окуу…