Район акими Достук айылында бир катар маселелерди жеринен карады✅✅✅

Бүгүн, 2025-жылдын 14-майында Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров Жан-Булак айыл аймагынын Достук айылында иш сапар менен болуп, бир катар инфраструктуралык жана социалдык маселелерди жеринен көрүп чыгып, тиешелүү тапшырмаларды берди. Иш сапардын алкагында төмөнкү маселелер каралды: 1. КР Президентинин №109 Жарлыгынын алкагында мыйзамсыз жерлерди аныктап, мыйзам чегинде иш алып баруу…

Толук окуу…

УЛУУ ЖЕҢИШТИН 80 ЖЫЛДЫГЫ САЛТАНАТТУУ БЕЛГИЛЕНДИ

Бүгүн, 2025-жылдын 9-майында, Нарын районунда Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Иш-чара Тянь-Шань паркындагы эскерүү митинги менен башталып, согушта курман болгон баатырлардын жаркын элесине таазим ирээтинде гүл чамбарлар коюлуп, куран окулду. Андан соң “Өлбөс полк” жүрүшү уюштурулуп, катышуучулар ата-бабалардын жана согуш ардагерлеринин сүрөттөрүн көтөрүп…

Толук окуу…

🇰🇬 НАРЫН РАЙОНУНУН КУЛАНАК АЙЫЛЫНДА УЛУУ ЖЕҢИШТИН 80 ЖЫЛДЫГЫ ЖАНА АСКАРБЕК ОРОЗАКУНОВДУ ЭСКЕРҮҮ КЕЧЕСИ ӨТТҮ

Бүгүн, 2025-жылдын 9-майында, Учкун айыл өкмөтүнө караштуу Куланак айылында Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына жана согуштун ардагери Аскарбек Орозакуновдун 100 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чарага: – Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров; – Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ботояров; – Райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Ж.Нууева; – Ардагердин…

Толук окуу…

НАРЫН РАЙОНУНДА ООРУКТУН АРДАГЕРЛЕРИНЕ УРМАТ-СЫЙ КӨРСӨТҮЛДҮ

2025-жылдын 6-майында, Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ботояров менен биргеликте Куланак айылында жашаган, 100 жашты карыткан ооруктун ардагери Дүйшеналиева Чачыкей апанын абалынан жеринен кабар алып, майрамдык куттуктоосун жана каалоо-тилектерин жолдоду. Ошондой эле Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Э.Жанболотова,Кыргызстан…

Толук окуу…

“ЖАШЫЛ МУРАС” ӨНӨКТҮГҮНҮН АЛКАГЫНДА КУЙБЫШЕВ АЙЫЛЫНДА УЛУУ ЖЕҢИШТИН 80 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА УЮШТУРУЛУП ЖАТКАН ПАРККА КӨЧӨТТӨР ОТУРГУЗУЛДУ✅

2025-жылдын 3-майында Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата жана Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевичтин демилгеси менен өткөрүлүп жаткан “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында, Миң-Булак Айыл Өкмөтүнө караштуу Куйбышев айылындагы Жеңиш паркында көчөт отургузуу иш-чарасы өткөрүлдү. Ийне жалбырактуу көчөттөрдү отургузууга белгилүү инсандар жана коомдук ишмерлер катышты: – Кыргыз эл жазуучусу, драматург,…

Толук окуу…

“УЛУТТУК ДЕМ-ДҮЙНӨЛҮК БИЙИКТИК” УҢГУЖОЛУ

Бүгүн, 28-апрелде Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевичтин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 Жарлыгы менен бекитилген “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун ишке ашыруу жана коомчулукка жайылтуу максатында М.Баетов атындагы райондук маданият үйүндө иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарага Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүнүн социалдык жактан өнүктүрүү бөлүмүнүн…

Толук окуу…

🌿 “ЖАШЫЛ МУРАС” ӨНӨКТҮГҮ: КӨЧӨТТӨР ОТУРГУЗУЛУП, ИШЕМБИЛИКТЕР ӨТКӨРҮЛДҮ

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен жүргүзүлүп жаткан “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында Нарын районунун айыл аймактарында көчөт отургузуу иш-чаралары уюштурулуп, аны менен бирге жалпы ишембиликтер да өткөрүлдү. Жыйынтыгында: -Жан-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Достук айылында— 320 түп терек көчөтү отургузулду; -Э.Дайракунов айыл өкмөтүнө караштуу Казан-Куйган айылында— 400 түп терек…

Толук окуу…

✅✅✅НАРЫН РАЙОНУНУН КАЗАН-КУЙГАН АЙЫЛЫНДА ЖЕР МАСЕЛЕСИ БОЮНЧА ЖЫЙЫН

Бүгүн, 24-апрелде Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров жана тиешелүү мекеме жетекчилердин катышуусунда Э.Дайракунов(Жерге-Тал) айыл өкмөтүнө караштуу Казан-Куйган айылында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 токтому менен бекитилген “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Жобону аткаруу максатында жеринде жыйын өткөрүлдү. Өткөрүлгөн жыйындын максаты-Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык, жер участокторун мыйзамдаштыруу,…

Толук окуу…

📍 УЧКУН АЙМАГЫНДА ЖЕР МАСЕЛЕСИН ЧЕЧҮҮ БОЮНЧА ЖЫЙЫН ӨТКӨРҮЛДҮ

2025-жылдын 23-апрелинде Нарын районунун акими Н.Мадимаров жана тиешелүү мекеме жетекчилеринин катышуусунда Учкун айыл өкмөтүнө караштуу Куланак айылында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 токтому менен бекитилген “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Жобону аткаруу максатында жыйын өткөрүлдү. Жыйындын максаты-Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык, жер участокторун мыйзамдаштыруу, жергиликтүү тургундардын мүлктүк укуктарын…

Толук окуу…

КОЛЛЕГИЯЛЫК ОТУРУМ ӨТКӨРҮЛҮП, БИР КАТАР МАСЕЛЕЛЕР ТАЛКУУЛАНДЫ

2025-жылдын 23-апрелинде Нарын райондук мамлекеттик администрациясында коллегиялык отурум өткөрүлдү. Коллегиялык отурумга Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров, коллегиянын мүчөлөрү, мекеме, ишкана жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, айыл башчылар жана социалдык адистер катышты. Күн тартибиндеги негизги маселелер: 1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы №517 “Эпизотиялык бейпилдикти жана ветеринардык-санитардык коопсуздукту камсыз кылуу…

Толук окуу…