НАРЫН РАЙОНУНДА ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТТАРЫН ШАЙЛООГО ДАЯРДЫК БОЮНЧА ШТАБ ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ

Нарын районунда 2025-жылдын 30-ноябрында өтө турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча райондук штабдын жыйыны болуп өттү. Жыйында шайлоону уюштуруудагы негизги маселе катары шайлоо участкаларын талапка ылайык жабдуулар менен камсыздоо маселеси көтөрүлүп, ар бир участокто шайлоочулар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүү тапшырмасы берилди.…

Толук окуу…

РАЙОН АКИМИНИН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫСЫ ӨТКӨРҮЛҮП, 250 БАЛАГА БЕЛЕК ТАПШЫРЫЛДЫ ✅

2025-жылдын 30-декабрында Муса Баетов атындагы райондук маданият үйүндө акимдин балдарга арналган жаңы жылдык балаты майрамы болуп өттү. Майрамдык балатыга окууда жогорку жетишкендиктерге жетишкен окуучулар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, жетим жана томолой жетим балдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, Баткен коогалаңынын катышуучуларынын балдары жана реабилитациялык борборлордун тарбиялануучулары чакырылды. Майрамдын жүрүшүндө…

Толук окуу…

НАРЫН РАЙОНУНУН ЛАХОЛ АЙЫЛЫНДА ПРЕЗИДЕНТТИН АРАЛЫКТАН КАТЫШУУСУ МЕНЕН СОЦИАЛДЫК ОБЪЕКТ АЧЫЛДЫ

Бүгүн, 25-декабрда Нарын облусунун аймагында мамлекет тарабынан каржыланган 10 ири социалдык жана өндүрүштүк объектилердин ачылышы болуп өттү. Алардын катарында Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагына караштуу Лахол айылындагы заманбап спорт комплекси ачылып, пайдаланууга берилди. Ачылышка Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевич аралыктан катышты. Спорт комплекс Кыргыз Республикасынын «Капиталдык салымдар» беренесинен каржыланып,…

Толук окуу…

2025-жылдын 25-декабрында Нарын районунун Жан-Булак айылындагы А.Жутакеев, Куланак айылындагы А.Аралбаев атындагы жалпы билим берүү мектептеринде “Балдардын укуктарын, коопсуздугун жана адеп-ахлактык өнүгүүсүн камсыз кылуу-коомдук жоопкерчилик” аталышында иш чара болуп өттү. Иш чара Нарын райондук прокуратурасы тарабынан демилгеленип, жолугушууга Нарын районунун прокурору, юстициянын подполковниги Сатинбаев Азатбек Оморжанович, прокурордун жардамчысы Асыпбаева Гузаль Канатовна,…

Толук окуу…

НАРЫН РАЙОНУНДА ИШКЕРЛЕРДИН ЖАНА ИНВЕСТОРЛОРДУН УКУКТАРЫН КОРГОО БОЮНЧА ЖЫЙЫН ӨТКӨРҮЛДҮ

2025-жылдын 24-декабрында Нарын районунун прокуратурасы жана Нарын райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан райондук администрациясынын имаратынын жыйындар залында жеке ишкерлер, укук коргоо жана контролдоочу органдар менен бирге жолугушуу өткөрүлдү. Аталган жолугушууга ишкердиктин жана биснестин ар кайсы тармактарынын жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Иш-чарада жеке ишкерлердин укуктарын коргоо, бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү,…

Толук окуу…

НАРЫН РАЙОНУНДА КЫЗ-ЖИГИТ САРМЕРДЕНИНИН ФИНАЛЫ ӨТТҮ

Бүгүн, 24-декабрда Муса Баетов атындагы райондук маданият үйүндө көөнөргүс улуттук салттарыбыздын бири болгон “Кыз-жигит сармердени” оюнунун финалдык туру өткөрүлдү. Салттуу оюн саламдашуу менен башталып, андан соң “Манас” баяны жаңырып, кыз-жигиттердин өнөр таймашы менен уланды. Катышуучулар улуттук аспаптарда күү чертип, ыр ырдап, бий бийлеп, жаңылмач айтып жана табышмактардын жандырмасын таап көрүүчүлөргө…

Толук окуу…

Бүгүн, 22-декабрда Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Нуридин Мадимаров Нарын районунун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө салым кошуп жаткан ири салык төлөөчү ишкерлер менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө аким ишкерлерге ыраазычылык билдирип, район аймагында жүргүзүлүп жаткан өнүгүү иштерине кошкон салымдарын жогору баалады. Ишкер чөйрөсүнүн активдүү катышуусу менен аймактагы социалдык жана экономикалык багыттагы бир…

Толук окуу…

✅✅✅НАРЫН РАЙОНУНДА АЗЫК-ТҮЛҮК ЖАРМАНКЕСИ ӨТКӨРҮЛДҮ

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин демилгеси менен Нарын районунда ар жуманын дүйшөмбү күндөрү азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана бааларды турукташтыруу максатында азык-түлүк жарманкеси өткөрүлүп келет. Бүгүн, 2025-жылдын 22-декабрында кезектеги азык-түлүк жарманкеси өткөрүлдү. Жарманкеге Чет-Нура жана Жан-Булак айыл өкмөттөрүнүн дыйкан-фермерлери катышып, эт, сүт азыктары, кымыз, бозо, бал,…

Толук окуу…