НАРЫН РАЙОНУНДА ЖАСАЛМА УРУКТАНДЫРУУ БОЮНЧА ПРАКТИКАЛЫК СЕМИНАР ӨТТҮ
2025-жылдын 14-октябрында Учкун айыл өкмөтүнө караштуу Куланак айылындагы «Азим+С» асыл тукум кой чарбасында жасалма уруктандыруу боюнча облустук деңгээлдеги практикалык семинар болуп өттү. Семинарга Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров, Айыл чарба, суу ресурстары министрлигинин ветеринария мал чарбасын өнүктүрүү жана жайыт, тоют кызматынын директорунун орун басары И.Алманбетов, Айыл чарба министрлигин асыл…
