НАРЫН РАЙОНУНДА ӨНӨР ЖАЙ ПРОДУКЦИЯСЫНЫН ӨНДҮРҮШҮ 5 МЛРД 963 МЛН 204,6 МИҢ СОМГО ЖЕТТИ

Бүгүн, 2025-жылдын 21-октябрында Нарын райондук М.Баетов атындагы маданият үйүндө Нарын районунун 2025-жылдын 9 айындагы экономикалык-социалдык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары боюнча коллегиялык отурум өткөрүлдү. Отурумга Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров, коллегия мүчөлөрү, Нарын районунун прокурору А.Сатинбиев, мекеме-ишкана жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, мектеп директорлору, бала бакча жетекчилери, ФЭБ башчылары катышты. Коллегиянын күн тартибинде…

Толук окуу…

НЕКРОЛОГ

Белгилүү коомдук жана партиялык ишмер Кайып Калназаров дүйнө салды. К.Калназаров 1936-жылы 5- майда Нарын районунун Дөбөлү айыл аймагындагы Көгөндү деген жерде туулган. 1970-жылы Бишкектеги Кыргыз Мамлекеттик Скрябин атындагы айыл чарба институтун бүтүргөн, окумуштуу зоотехник. 3-июль 1953-жылдан областтык “Нарын правдасы” газетасында корректор, 1956-1961-жылдары комсомолдун Нарын райондук, областтык комитеттеринде инструктор, 1961-1962-жылы партиянын…

Толук окуу…

Урматтуу социалдык чөйрөнүн кызматкерлери!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо жана профсоюздар кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен чын дилимден куттуктайм! Социалдык коргоо – ар бир мамлекеттин саясатынын маанилүү курамынын бири экендигин жакшы билебиз. Акыркы жемиштүү жылдары Урматтуу Президентибиз социалдык коргоо саясатын жаңы нукка буруп, социалдык коргоо системасын түзүүгө, өнүктүрүүгө басым жасап,көп жылдан бери чечилбей келген бир…

Толук окуу…

НАРЫН РАЙОНУНДА ШАЙЛООГО ДАЯРДЫК ЖАНА КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ АРАКЕТТЕР

2025-жылдын 17-октябрь күнү Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык жана өткөрүү иштерин уюштуруу боюнча штабдык жыйын болуп өттү. 📝 Күн тартибинде: 1. Шайлоону уюшкандыкта жана мыйзам чегинде өткөрүү; 2. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда коррупцияга каршы аракеттерди күчөтүү, алдын алуу, жана мыйзам…

Толук окуу…

НАРЫН РАЙОНУНДА ЖАСАЛМА УРУКТАНДЫРУУ БОЮНЧА ПРАКТИКАЛЫК СЕМИНАР ӨТТҮ

2025-жылдын 14-октябрында Учкун айыл өкмөтүнө караштуу Куланак айылындагы «Азим+С» асыл тукум кой чарбасында жасалма уруктандыруу боюнча облустук деңгээлдеги практикалык семинар болуп өттү. Семинарга Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров, Айыл чарба, суу ресурстары министрлигинин ветеринария мал чарбасын өнүктүрүү жана жайыт, тоют кызматынын директорунун орун басары И.Алманбетов, Айыл чарба министрлигин асыл…

Толук окуу…

НАРЫН РАЙОНУНУН АЙЫЛ АЙМАКТАРЫНДА ЖАШ ӨСПҮРҮМДӨРГӨ КАРАТА ЗОРДУК ЗОМБУЛУКТУ, КЫЛМЫШТУУЛУКТУ ЖАНА АДАМДАРДЫН ЖЫНЫСТЫК КОЛ ТИЙБЕСТИГИНЕ ЖЕТҮҮ, ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЗОМБУЛУКТУ АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА КАЛК АРАСЫНДА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ✅✅✅

Нарын районунун айыл аймактарында жаш өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулукту, кылмыштуулукту, үй-бүлөлүк зомбулукту жана башка терс көрүнүштөрдү алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Бул иш-чаралардын негизги максаты — жашы жете электерге карата зомбулукту, ырайымсыз мамилени, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту, суицидди, рэкетчиликти, адам сатууну жана жыныстык кол тийбестикке жетүү учурларын алдын алуу. Иш-чараны…

Толук окуу…

НАРЫН РАЙОНУНДА БИР КАТАР СОЦИАЛДЫК ОБЪЕКТИЛЕРДИН КУРУЛУШУ ЖАНА ОҢДОП-ТҮЗӨӨ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ

📍 2025-жылдын 10-октябры— Нарын районунун акими Н.Мадимаров дем берүүчү грант, Нарын облустук жана райондук өнүктүрүү фонддорунун каржылык колдоосу менен жүрүп жаткан бир катар социалдык объектилердин курулуш иштерин жеринен барып көрдү. Чет-Нура айыл өкмөтүндө: – “Чет-Нура” бала бакчасына кошумча корпус курулууда. (Подрядчы: “Абдызыят” ЖЧК) – Айыл ичинде смарт парк курулууда. –…

Толук окуу…

УЧКУН АЙЫЛ АЙМАГЫНДА ЖҮРГҮЗҮЛҮП ЖАТКАН ИШТЕР

2025-жылдын 9-октябрында Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Нуридин Мадимаров Учкун айыл аймагында иш сапары менен болду. 📍 Иш сапардын алкагында аким Куланак айылынын Таштанбек көчөсүндө жайгашкан “Ичке Куланак” сайынан өтүүчү көпүрөнүн техникалык абалы менен жеринен таанышып, тиешелүү тапшырмаларды берди. 📍 Андан соң, дем берүүчү грант жана Нарын райондук өнүктүрүү фондунун…

Толук окуу…

ЖАШ МУУН, ТАРБИЯ, МЕКЕНЧИЛДИК ЖАНА МЫЙЗАМДУУЛУК

2025-жылдын 8-октябрь күнү Нарын районунун Куйбышев айылындагы Актан Тыныбек атындагы жалпы билим берүү мектебинде “Жаш өспүрүмдөр үчүн тарбиянын мааниси — прокурордун көз карашынан, мекенге пайдалуу инсан болуу — бүгүнкү аракеттен башталат” аттуу иш-чара өттү. Иш-чара Нарын райондук прокуратурасынын демилгеси менен уюштурулуп, жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Жолугушууга Нарын районунун прокурорунун орун басары…

Толук окуу…

НАРЫН РАЙОНУНДА МУГАЛИМДЕР КҮНҮ САЛТАНАТТУУ БЕЛГИЛЕНДИ✅✅✅

Бүгүн, 7-октябрда — Мугалимдердин кесиптик майрамы салтанаттуу түрдө белгиленди. Иш-чара Нарын райондук маданият үйүндө өткөрүлүп, ага Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров, Кыргыз элинин Ассамблеясынын Нарын облусу боюнча өкүлү А.Абдыкеримов, Нарын РИИБнин орун басары М.Султаналиева, райондук профсоюзу, айыл өкмөт башчылары, агартуу тармагынын ардагерлери жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлери катышты. Район…

Толук окуу…