НАРЫН РАЙОНУНДА ЖАЛПЫ ИШЕМБИЛИК ӨТКӨРҮЛДҮ

Бүгүн, Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата Нарын районунда жалпы райондук ишембилик өткөрүлдү. Ишембилик алкагында район аймагындагы мекеме-ишканалар Долон ашуусунан баштап Нарын шаарынын кире беришине чейинки Нарын–Бишкек–Торугарт унаа жолунун жээктери, ошондой эле райондук маанидеги Нарын-Үч-Нура, Нарын-Орук-Там, Нарын-Баетова, Нарын-Он-Арча-Ашырма жолдорунун жээктери тазаланып, ирээтке келтирилди. Ошондой эле коомдук жайлар, эс алуу зоналары, социалдык…