НАРЫН РАЙОНУНУН АКИМИ ЖАН-БУЛАК ЖАНА УЧКУН АЙМАКТАРЫНДА ИШ САПАРДА БОЛДУ

2025-жылдын 12-июлунда Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мадимаров Нуридин Султанович Жан-Булак айыл өкмөтүнүн Достук айылы жана Учкун айыл өкмөтүнө караштуу Куланак, Учкун жана Сары-Ой айылдарына иш сапар менен барды. Иш сапардын алкагында аймактардагы мектептердин, бала бакчалардын, маданият үйлөрүнүн жана айыл өкмөт имараттарынын айлана-чөйрөсүнүн тазалыгы, ирээти, жайкы көрктөндүрүү иштери жеринен көзөмөлгө…