✅✅✅3-ИЮЛЬ — МЕДИЦИНА КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КЕСИПТИК КҮНҮ

2025-жылдын 2-июлунда Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мадимаров Нуридин Султанович медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Район акими куттуктоо сөзүндө: “Элдин ден соолугу — мамлекеттик саясаттагы башкы артыкчылык. Ак ниет, ак эмгек, ак халат — бул ардактуу дарыгерлердин, медайымдардын жана медицина кызматкерлеринин асыл символу. Сиздердин элге кылган кызматтарыңыз…