✅✅✅КАЗАН-КУЙГАН АЙЫЛЫНДА ЖАҢЫ КИЧИ ФУТБОЛДУК АЯНТЧА АЧЫЛДЫ

2025-жылдын 31-майында Э.Дайракунов айыл аймагына караштуу Казан-Куйган айылында жаңы кичи футболдук аянтчанын ачылышы болуп, пайдаланууга берилди. Иш-чарага Нарын районунун акими Мадимаров Нуридин Султанович, Э.Дайракунов айыл өкмөтүнүн башчысы Сыдыкбеков Талантбек Акматалиевич, аксакалдар, жергиликтүү тургундар жана жаштар катышты. Аким иш-чарада “Спорт—ден соолуктун жана ынтымактын булагы. Бул аянтча жаштардын сергек жашоосуна жана биримдигине…