КУЛАНАК АЙЫЛЫНДА СЕЛ СУУЛАРЫ КӨЗӨМӨЛГӨ АЛЫНДЫ

2025-жылдын 28-майында таңкы саат 06:00 чамасында нөшөрлөгөн жаандын кесепетинен Учкун айыл өкмөтүнө караштуу Куланак айылындагы «Терек-Суу» жана «Кур-Кокту» коктуларынан сел жүрүп, Нарын–Баетов жолун каптап, 15 турак жайдын короо-сарайларына кирген. Жарандардын өмүрүнө жана турак жайларына олуттуу зыян келген жок, материалдык чыгымдар катталган эмес. Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мадимаров Нуридин Султановичтин…

Толук окуу…

💐✅НАРЫН РАЙОНУНДА ЭНЕЛЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Нарын районундагы М.Баетов атындагы маданият үйүндө Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мадимаров Нуридин Султанович, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Таалайбек кызы Жылдыздын катышуусунда “Энелер күнүнө” арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлүп, энелерге өзгөчө сый-урмат көрсөтүлдү. Иш-чарада КРнын ЖКнин депутаты Таалайбек кызы Жылдыз энелерди куттуктап, энелердин коомдогу өзгөчө ордун белгилеп, терең таазим жана…

Толук окуу…

📚 НАРЫН РАЙОНУНДА “АКЫРКЫ КОҢГУРОО” САЛТАНАТТАРЫ ӨТТҮ

2025-жылдын 26-майында Нарын районунун 32 жалпы билим берүү мекемесинде “Акыркы коңгуроо” салтанаттуу иш-чаралар өтүп, 11-классты 557, ал эми 9-классты 909 окуучу аяктап, турмуш жолундагы жаңы баскычка кадам ташташты. Бүтүрүү кечесине Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров, райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Г. Исакова менен биргеликте Дөбөлү айыл өкмөтүнө караштуу Кеңеш…

Толук окуу…

🌸ЭНЕЛЕР-ЖАШОО БАШАТЫ

Бүгүн, 2025-жылдын 21-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевичтин Жарлыгына ылайык белгиленип жаткан “Энелер күнүнө” карата, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт бөлүмүндө болуп, ымыркайларды жарык дүйнөгө алып келген энелердин абалынан кабар алып, өз куттуктоосун жана белектерин тапшырды. Эне — ар бир адамдын турмушундагы эң…

Толук окуу…

✅✅✅«ДОСТУК» ШАЙЫР АПАЛАР ТОБУНА — 10 ЖЫЛ! ЭНЕЛЕРГЕ АРНАЛГАН АЛЛЕЯНЫН АЧЫЛЫШЫ МЕНЕН КОШТОЛДУ

2025-жылдын 20-майында Жан-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Достук айылында «Достук» шайыр апалар тобунун түзүлгөндүгүнүнүн 10 жылдык мааракеси белгиленип, ошону менен катар элет энелерине арналган чакан аллеянын ачылышы болуп өттү. Алгач иш-чара энелерге арналган аллеянын ачылышы менен башталып, бул өзгөчө белек айыл тургундарынын биримдиги, маданий жана руханий баалуулуктарга болгон мамилесинин символу катары…

Толук окуу…

🛑 НАРЫН РАЙОНУНДА КАТУУ ШАМАЛДЫН АЙЫНАН «ӨЗГӨЧӨ ОКУЯ» РЕЖИМИ КАТТАЛДЫ

2025-жылдын 18-майында Нарын району боюнча Кыргызгидромет борборунун маалыматына ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундуна 25 м/с чейин жетип, бир катар айыл аймактарында кыйроолорго жана материалдык чыгымдарга алып келди. Табигый кырсыктын натыйжасында Нарын району боюнча жалпысынан 89 объект жабыркаган. Алар төмөнкүдөй айыл аймактарында катталды: – Миң-Булак айыл аймагында — 75 объект; – Жан-Булак…

Толук окуу…

Нарын райондук мамлекеттик администрациясы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына ылайык башкы, улук жана кенже кызмат орундарына ички кадрлар резервин түзүү боюнча ачык конкурс жарыялайт

  Административдик кызмат орундарынын башкы тобу үчүн квалификациялык талаптар: Иш стажы жана тажрыйбасы: -иш стажы жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы. 2)      Кесиптик билим деңгээли: Башкы мамлекеттик кызмат ордун элөө үчүн мамлекеттик кызматчыга (мындан ары- кызматчы) төмөнкү квалификациялык талаптар…

Толук окуу…

ЭНЕЛЕР – ЖАШООБУЗДУН ЖАРЫГЫ,КООМДУН ТИРЕГИ

Кыргызстанда май айынын үчүнчү жекшембиси — Энелер күнү катары белгиленип келет. Бул — Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен кабыл алынган өзгөчө күн. Энелер күнү — эне мээримине, ыйыктыгына, өмүр берген аруулугуна терең урмат көрсөтүлгөн майрам. Бүгүн, 16-майда Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Эльвира Жанболотова Чет-Нура айыл…

Толук окуу…