📍 УЧКУН АЙМАГЫНДА ЖЕР МАСЕЛЕСИН ЧЕЧҮҮ БОЮНЧА ЖЫЙЫН ӨТКӨРҮЛДҮ

2025-жылдын 23-апрелинде Нарын районунун акими Н.Мадимаров жана тиешелүү мекеме жетекчилеринин катышуусунда Учкун айыл өкмөтүнө караштуу Куланак айылында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 токтому менен бекитилген “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Жобону аткаруу максатында жыйын өткөрүлдү. Жыйындын максаты-Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык, жер участокторун мыйзамдаштыруу, жергиликтүү тургундардын мүлктүк укуктарын…