ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ ӨКМӨТҮНҮН ТАМДЫ-СУУ АЙЫЛЫНДА “ЖАШЫЛ МУРАС” ӨНӨКТҮГҮНҮН АЛКАГЫНДА КӨЧӨТТӨР ОТУРГУЗУЛДУ

2025-жылдын 4-апрелинде Нарын райондук мамлекеттикадминистрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров, Дөбөлү Айыл Өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергенов менен биргеликте Тамды-Суу айылында иш сапарда болду. Иш сапардын жүрүшүндө Тамды-Суу айылында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Жашыл мурас” улуттук программасынын алкагында экологиялык иш-чара өткөрүлүп, мектеп жана бала бакчанын айлана-чөйрөсүн жашылдандыруу максатында көчөттөр отургузулду. Жалпысынан 70 ден ашуун ийне жалбырактуу…