НАРЫН РАЙОНУНДА АЙЫЛ ЧАРБА АЗЫКТАРЫНЫН ЖАРМАНКЕСИ ӨТКӨРҮЛДҮ

Бүгүн, 2-февралда Нарын шаарынын Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтында Нарын району тарабынан айыл чарба азыктарынын жарманкеси өткөрүлдү. Жарманкеге Нарын районунун бардык айыл өкмөттөрүнүн дыйкан-фермерлери, жеке ишкерлери катышып, өзүлөрү өндүргөн азык-түлүктөрүн алып келишти. Өткөрүлгөн жарманкенин максаты ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, жеке ишкерлерди колдоо, азык-түлүк коопсуздугун сактоо менен бирге айыл чарба азыктарын дүң жана…