АКИМ КАЗАН-КУЙГАН АЙЫЛЫНЫН ЖАШООЧУЛАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

2025-жылдын 7-февралында Жерге-Тал айыл өкмөтүнө караштуу Казан-Куйган айылынын маданият үйүндө жергиликтүү тургундардын маселелери, көйгөй, сунуштары жеринен угулуп, ошондой эле айылдын өнүгүшүнө багытталган маселелерди талкуулоо боюнча жыйын болуп өттү. Жыйынга Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров, мекеме жетекчилер, Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбеков жана айыл тургундары катышты. Жыйындын жүрүшүндө айыл өкмөт…