МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ ӨКМӨТҮНҮН ӨТКӨН ЖЫЛГА КАРАТА ОТЧЕТУ УГУЛУП, РАЙОН АКИМИ ЭЛДЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Бүгүн, 23-январда Миң-Булак айыл өкмөтүнүн административдик имаратынын жыйындар залында эл менен жолугушуу өткөрүлүп, айыл өкмөттүн 2024-жылга карата аткарган иштердин отчету берилди. Жыйынга Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров, Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги К.Тукеев, райондук мекеме, ишкана жетекчилери, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кошалиев, айылдык Кеңештин төрагасы К.Усупов жана жергиликтүү…