НАРЫН РАЙОНУНДА ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТТАРЫН ШАЙЛООГО ДАЯРДЫК БОЮНЧА ШТАБ ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ
Нарын районунда 2025-жылдын 30-ноябрында өтө турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча райондук штабдын жыйыны болуп өттү. Жыйында шайлоону уюштуруудагы негизги маселе катары шайлоо участкаларын талапка ылайык жабдуулар менен камсыздоо маселеси көтөрүлүп, ар бир участокто шайлоочулар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүү тапшырмасы берилди.…









