НАРЫН РАЙОНУНДА АТКАРЫЛГАН ИШТЕР БОЮНЧА 9 АЙДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛЫП, КОЛЛЕГИЯЛЫК ОТУРУМ ӨТКӨРҮЛДҮ

2024-жылдын 21-октябрында Нарын районунун 2024-жылдын тогуз ай ичинде социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы жана социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын иш-чаралар планынын аткарылышы боюнча администрациянын жыйындар залында коллегиялык отурум болуп өттү. Коллегиялык отурумга Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мадимаров Нуридин Султанович, акимдин орун басары, коллегия отурумунун мүчөлөрү, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери жана айыл өкмөт башчылары катышты.…