НАРЫН РАЙОНУНУН ШОРО АЙЫЛЫНДА ФЕЛЬДШЕРДИК АКУШЕРДИК ПУНКТ КАПИТАЛДЫК РЕМОНТТОН ӨТТҮ

Бүгүн, 28-ноябрда Эмгек-Талаа айыл аймагына караштуу Шоро айылында фельдшердик-акушердик пункт капиталдык ремонттон өткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Иш-чарага Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров, Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ташболотов, АРИС уюмунун Нарын району боюнча башкы эксперти Ж.Мамбетжанова, Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун өкүлдөрү, мугалимдер жамааты катышты. Шоро айылындагы фельдшердик акушердик пункт (ФАП)…

Толук окуу…

НАРЫН РАЙОНДУК МАМЛЕКЕТТИК АДМИНИСТРАЦИЯСЫ КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ

Нарын райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан 2024-жылдын  25-ноябрь саат 15:00 гө ушул эле участоктун 15,1 га жер аянтын убактылуу пайдаланууга берүү боюнча конкурска катышууга билдирүү түшпөгөндүгүнө байланыштуу, конкурсту кайра жарыялайт. Аталган конкурс болгон жок, анткени киши келген жок.  Нарын  райондук мамлекеттик администрациясы мамлекеттик менчикте турган жер тилкелерди ижарага берүүгө конкурс жарыялайт…

Толук окуу…

НАРЫН РАЙОНУНУН АК-ТАЛАА АЙЫЛЫНДА КИЧИ ФУТБОЛДУК АЯНТЧА АЧЫЛДЫ

Бүгүн, 25-ноябрда Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Талаа айылында Асанаалы уулу Калыйдулда атындагы кичи футболдук аянтча пайдаланууга берилди. Иш-чарага Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров, Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ташболотов, айыл аксакалдары, К.Асанаалы уулунун жакындары, айыл тургундары катышты. Ак-Талаа айылындагы кичи футболдук аянтча Нарын облустук “Теңир-Тоо өнүктүрүү фонду” тарабынан 2 млн…

Толук окуу…

ЗОРДУК ЗОМБУЛУКСУЗ ЖАШОО: 16 КҮНДҮК АКЦИЯ БАШТАЛДЫ

2024-жылдын 23-ноябрында Нарын районуна караштуу Дөбөлү айылында “Кайын энем менин асылым, келиним менин жакыным” аталышындагы конкурс болуп өттү. Бул конкурс үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу максатында “Зордук зомбулуксуз жашоо” аттуу 16 күндүк акциянын алкагында Нарын райондук мамлекеттик администрациясы жана Кыргызстан аялдарды коргоо борбору менен биргеликте ишке ашырылды. Конкурстун негизги максаты- үй-бүлөлүк…

Толук окуу…

НАРЫН РАЙОНУНДА ТҮШҮМ МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ

Бүгүн, 23-ноябрда Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Талаа айылындагы “Асанбек ата” ат майданында Нарын районунун “Түшүм майрамына” арналган ат оюндары болуп өттү. Иш-чара Нарын райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан уюштурулуп, ага Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мадимаров Нуридин Султанович, биринчи орун басар Кулешов Туратбек Сабырбекович, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Мүсүрканов…

Толук окуу…

ПРОКУРАТУРА КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫНА КАРАТА АКИМДИН КУТТУКТООСУ

Урматтуу Нарын райондук прокуратурасынын кызматкерлери! Кадырлуу ардагерлер! Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – “Прокуратура кызматкерлеринин күнү” жана Кыргыз Республикасынын Прокуратурасынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык маарекеси менен куттуктайм. Прокуратура кызматкерлери ар дайым мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөп, укук бузуулар менен кылмыштуулукка каршы күрөшүп келишет. Ошол эле маалда…

Толук окуу…

ПРОКУРАТУРАНЫН 100 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА УЮШТУРУЛГАН СЫНАКТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ

2024-жылдын 20-ноябрында Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Нарын райондук прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Прокуратурасынын 100 жылдыгына карата билим берүү мекемелеринде окуучулар арасында дил баян жазуу, сүрөт тартуу, видеоролик тартуу конкурстары уюштурулуп, жыйынтыгы чыгарылды. Иш-чарага Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Э.Жанболотова, Нарын районунун прокурору Д.Суранбеков, билим берүү бөлүмүнүн…

Толук окуу…

НАРЫН РАЙОНУНДА ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРГЕ ДЕПУТАТТАРДЫ ШАЙЛОО ӨТҮҮДӨ

Бүгүн, 17-ноябрда саат 08:00дөн тарта Нарын районунун аймагында жергиликтүү Кеңештин депутаттарын шайлоо башталды. Нарын районунда жалпы 33 шайлоо участкасы бар. Жалпы шайлоочулардын саны район боюнча 34657, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер болгон 222 адам, анын ичинен 78 аял жолдоштор. Райондо жергиликтүү кеңештин депутаттарына 137 мандат берилген. Анын ичинен 53 мандат аялдар…

Толук окуу…

НАРЫН РАЙОНУНДА ЖЕҢИЛ КУТУЧА МЕНЕН ДОБУШ БЕРҮҮ ЖҮРҮҮДӨ

Бүгүн, Нарын районунда 17-ноябрь жергиликтүү Кеңештердин депутаттарын шайлоого карата шайлоо участкасынан сырткары добуш берүү үчүн жеңил кутучаларга добуш берүү саат 08:00 дө башталган. Белгилей кетсек, Нарын району боюнча жеңил кутуча менен добуш берүү максатында жалпы 273 жарандан арыз түшкөн. Арыз менен кайрылгандарга карылыгы, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, алыскы жана…

Толук окуу…

НАРЫН РАЙОНУНУН АК-КЫЯ АЙЫЛЫНДА ФЕЛЬДШЕРДИК АКУШЕРДИК ПУНКТ ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ

Бүгүн, 15-ноябрда Чет-Нура айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Кыя айылында медициналык кызматтарды жеткиликтүү кылуу жана элдин жашоо сапатын жогорулатуу үчүн фельдшердик акушердик пункттун (ФАП) ачылыш аземи болуп, ишке киргизилди. Ачылыш аземге Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров, Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Окенов, райондук мекеме ишканалардын жетекчилери, АРИСтин Нарын облусу боюнча координатору Т.Рысбаев,…

Толук окуу…