ПРОКУРАТУРА КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫНА КАРАТА АКИМДИН КУТТУКТООСУ

Урматтуу Нарын райондук прокуратурасынын кызматкерлери! Кадырлуу ардагерлер! Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – “Прокуратура кызматкерлеринин күнү” жана Кыргыз Республикасынын Прокуратурасынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык маарекеси менен куттуктайм. Прокуратура кызматкерлери ар дайым мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөп, укук бузуулар менен кылмыштуулукка каршы күрөшүп келишет. Ошол эле маалда…