НАРЫН РАЙОНУНУН АКИМИ КАРА-КУЖУР ЖАНА КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДАРЫНДА ЖҮРГҮЗҮЛҮП ЖАТКАН ИШТЕРДИ ЖЕРИНЕН КӨРДҮ

Нарын районунун алыскы айыл аймактарындагы тургундардын жашоо шартын жеңилдетүү, көйгөйлөрүн жеринде угуу максатында 2024- жылдын 20-21-май күндөрү Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким Н.С. Мадимаровдун иш сапары Миң-Булак айыл аймагынын Кара-Кужур жана Жерге- Тал айыл аймагынын Кызыл- Жылдыз айылдарында болуп өттү. Белгилей кетсек, Кызыл-Жылдыз айылында Улуу Ата мекендик согушта курман…