ЖАЙКЫ ТУРИСТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУГА ДАЯРДЫКТАР КӨРҮЛҮҮДӨ

Бүгүн, 29-апрелде Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун “Кырк-боз үй” участкасында райондук штаб өткөрүлдү. Штабды Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мадимаров Нуридин Султанович жетектеп, жайкы туризмге даярдыктарды көрүү, айлана-чөйрөсүн тазалоо, конокторду тейлөө шарттарын жакшыртуу, көрктөндүрүү жана жарыктандыруу маселелери каралып, коопсуздук маселесине да көңүл бурулду. Штабга райондук тармактык мекемелердин жетекчилери катышып, район акими тарабынан…