НАРЫН РАЙОНУНДА “УЛУТТУК ТАЗАЛЫК КҮНҮНӨ” КАРАТА МАССАЛЫК ЖАШЫЛДАНДЫРУУ ИШТЕРИ БОЛУП ӨТТҮ

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы № 305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгынын алкагында, бүгүн, 20-апрелде Нарын районунун бардык аймактарында “Улуттук тазалык күнүнө” карата ишембиликтер уюштурулуп, айлана-чөйрөнү, жол жээктерин, каналдарды тазалоо, бак-дарактардын көчөттөрүн отургузуу, көрктөндүрүү, жашылдандыруу боюнча массалык…