НАРЫН РАЙОНУНУН АКИМИ ИШЕМБИЛИКТИН АЛКАГЫНДА АЙЫЛ АЙМАКТАРДЫ КЫДЫРУУДА

Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаровдун бүгүнкү 2-апрелиндеги иш сапары Жан-Булак, Жерге-Тал жана Учкун айыл аймактарында болуп өттү. Иш сапардын жүрүшүндө 3 айлык ишембиликтин алкагында жүргүзүлүп жаткан республикалык, райондук маанидеги автоунаа жолдорунун жээгиндеги жана ички көчөлөрдө жүргүзүлгөн ишембиликтердин жүрүшү жана ошондой эле айыл аймактардагы таштанды таштоочу жайлардын абалы, айылдардагы калктын…