21-МАРТ НООРУЗ МАЙРАМЫНА КАРАТА АКИМДИН КУТТУКТООСУ

Урматтуу Нарын районунун тургундары!!! Сиздерди жаратылыштын жаңылануусун, табияттын жандануусун жар салып, жаңы күндүн башталышы болгон Нооруз майрамы менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм! Нооруз майрамы чындап эле нурдуу, жакшы тилектердин майрамы. Бул майрамдын көөнөрбөс дагы бир касиети ата-бабаларыбыздын улуу салтын, үрп-адатын, рухий дөөлөтүн, руханий байлыгын кылымдан кылымга, муундан муунга мурастап келатканында десек…