АКИМДИН АЙЫЛ АЙМАКТАРДЫ КЫДЫРУУСУ УЛАНУУДА

Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаровдун бүгүнкү иш сапары Чет- Нура айыл аймагында болуп өттү. Алгач Ак- Кыя айылындагы М. Бекмуратов атындагы орто мектебинде болуп, окуучулардын сабакка болгон катышуусу билим деңгээли жана аларга түзүлгөн шарттарын көрдү. Андан соң Асек Жумабеков атындагы Ак-Кыя айылдык маданият үйүнүн жана китепканын абалы менен таанышып…

Толук окуу…

МЕКЕНДИ КОРГОО КҮНҮНӨ КАРАТА ТАЯК ТАРТЫШ БОЮНЧА НАРЫН РАЙОНУНУН БИРИНЧИЛИГИ

Кечээ 23-февраль Ата- Мекенди коргоо күнүнө карата, “Газпром” спорт комплексинде таяк тартыш боюнча 18-жаштан 35 жашка чейинки мырзалар жана айымдар арасында, түрдүү салмак чен бирдигинде мелдеш болуп өттү. Спорттук иш чара жаштардын арасында ынтымак, достукту бекемдөө, жаш муундардын ден соолугун чыңдоо жана сергек жашоого үндөөгө багытталып, аталган спорт түрүн өнүктүрүү,…

Толук окуу…

АТА-МЕКЕНДИ КОРГОО КҮНҮНӨ КАРАТА АКИМДИН КУТТУКТООСУ

Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким Н.С.Мадимаровдун Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө карата куттуктоосу. Урматтуу мекен сакчылары, сиздерди Ата -Мекенди коргоочулар күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм! Мамлекетибиздин аймактык бүтүндүгүн, өлкөнүн коопсуздугун коргоодогу тактыкты талап кылган, жоопкерчиликтүү, түйшүктүү ошол эле убакта кайраттуулук менен ардактуу кызматты аркалап жүргөн мекен сакчыларына ден соолук, куч кубат…

Толук окуу…

ЭМГЕКЧИЛ АЙЫЛЫНДА ЧӨПТҮН ЖАНА ТОЮТТУН КОРУ ТҮЗҮЛДҮ

Бүгүн, 21-февралда Нарын районунун Миң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Эмгекчил айылынын кампасына Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Бириккен улуттар уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен алынып келинген тоюттун кору жыйналды. Белгилей кетсек, кыш мезгилинин малчыларга тийгизген таасирин азайтуу, малдын тоют коопсуздугун алдын алуу максатындагы программанын алкагында быйыл пилоттук негизде…

Толук окуу…

КООМДУК УЮМДАРДЫН ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРҮЛДҮ

  Бүгүн 20-февралда Нарын районунун акиминин орун басары Э.Жанболотова иш бөлмөсүндө Нарын районундагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар менен иш алып барган коомдук уюмдардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана калктын аярлуу катмары дайыма көңүл борборунда экендиги белгиленип, мындан ары коомдук уюмдар  жер-жерлерде социалдык маселелер,…

Толук окуу…

НАРЫН РАЙОНУНДА ЧӨПТҮН ЖАНА ТОЮТТУН КОРУН ТҮЗҮҮ

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Бириккен Улуттар Уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу жана координациясы менен “Катаал кыштын малчыларга тийгизген таасирин минимумга жеткирүү үчүн алгачкы иш-аракеттерди көрүү менен КРнын Өкмөтүнүн потенциалын жогорулатуу» долбоорунун алкагында Нарын районунда чөптүн жана тоюттун корун түзүү боюнча иш -аракеттер көрүлүүдө. Бул программаны ишке ашыруу…

Толук окуу…

АЗ КАМСЫЗ ҮЙ-БҮЛӨЛӨРГӨ ЖАРДАМ

Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н. Мадимаровдун демилгеси менен, “Ихсан- Хайрия” коомдук фонду тарабынан, Нарын районундагы 220 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, томолой жетим жана аз камсыз болгон үй бүлөөлөргө тамак аш менен жетиштүү камсыздоо максатында азык- түлүктөр таркатылып берилди. Район башчысынын кайрылуусун колдоого алып, райондогу калктын аярлуу катмарына колдоо көрсөткөн…

Толук окуу…

НАРЫН РАЙОНУНДА ЛЫЖА ТЕБҮҮ БОЮНЧА ЖАРЫШ ӨТКӨРҮЛДҮ

                Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагынын Оттук айылында “Мен чемпионмун” аталышындагы лыжа спортунун үчүнчү этабы болуп өттү. Аталган спорттук иш чарага Нарын районунун акиминин биринчи орун басары Т. Кулешов катышып, жеңиш үчүн бүйүр кызыткан таймашка күбө болуп кайтты.          …

Толук окуу…

Б.ТӨРӨБАЕВ: “НАРЫНДА ЖАЙЫЛТА ТУРГАН ЖАКШЫ ИШТЕР БАР”

Бүгүн, 7-февралда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев иш сапары менен Нарын районунда болду. Иш сапарынын алкагында Б.Төрөбаев Нарын облусундагы пилоттук реформалардын негизинде жасалган жумуштардан кабар алды. Нарын районунун Миң-Булак айылындагы тазалык ишканасынын атайын жана айыл…

Толук окуу…

Нарын райондук мамлекеттик администрациясы мамлекеттик менчикте турган жер тилкелерди ижарага берүүгө конкурс жарыялайт

№ Жайгашкан жери Пайдалануу максаты Жалпы аянты Ижара мөөнөтү Баштапкы ижара акысы (жыл) 1. Миң-Булак  айыл аймагы Эмгекчил айылы “Таластан” участогу №1211 контур Тейлөө, кызмат көрсөтүү, коомдук тамактануу 0,05 гектар 5  жыл Орточо 100 миң сом   Жер салыгы     Конкурстун шарттары: Конкурс 2024-жылдын 22-февраль  саат 15:00дө төмөнкү  дарек…

Толук окуу…