ЭЛ АРАЛЫК КАРОО СЫНАКТА ӨЛКӨ НАМЫСЫН КОРГОГОН ЖАШ ТАЛАНТТАР

Кечээ, 30-декабрда Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мадимаров Нуридин Султанович өз иш бөлмөсүндө Казакстан Республикасынын Алматы шаарында өткөн Эл аралык конкурста 500 конкурсанттын ичинен “СУПЕР Баш байгени” жеңип, ийгилик жаратып Кыргызстандын намысын коргогон жаш таланттар менен жолугушту. Белгилей кетсек 2024-жылдын 8-декабрында Казакстан Республикасынын Алматы шаарында 500дөн ашык жаш талант катышкан…

Толук окуу…

АКИМДИН БӨБӨКТӨРГӨ АРНАЛГАН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫ МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ

Бүгүн 30-декабрда Нарын облустук академиялык драм-театрда Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мадимаров Нуридин Султановичтин бөбөктөргө арналган балаты майрамы болуп өттү. Иш-чарага райондун айыл аймактарынан чакырылган бөбөктөр жана ата-энелер катышышты. Майрамдык иш-чарада Нарын райондук М.Баетов атындагы маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан бөбөктөр үчүн “Карышкырдын мыйзамы” аттуу жомок каармандары менен мюзикл тартууланып, ыр-бий…

Толук окуу…

КАРА-БҮК УЧАСТКАСЫНДАГЫ ЖҮН ЦЕХТИН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ

Бүгүн, 26-декабрда Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров Кара-Бук участкасында жайгашкан жүн тытуучу цехте болуп, жеринде ишмердүүлүгү менен таанышты. Аталган жүн цех 2018-жылы жеке ишкер К.Жакшылыков тарабынан уюштурулган. Жеке ишкер тарабынан ачылган ишканага тартылган инвестициянын жалпы көлөмү- 160 миң доллар. Жүн цехте күнүнө 300 кг жүн иштелип кийиз жасалат, ал…

Толук окуу…

НАРЫН РАЙОНУНДА 3 СААТТЫК ЖАҢЫ БАЛА БАКЧА ЭШИГИН АЧТЫ

2024-жылдын 20-декабрында Нарын районунуна караштуу Эмгек-Талаа, 8-Март жана Дөбөлү айылдарында 3 сааттык кыска мөөнөттү балдар бакчасы бөбөктөргө эшигин ачты. Бул кадам кичинекей бөбөктөргө эрте курактан билим берүү жана өнүгүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатын көздөйт. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында…

Толук окуу…

НАРЫН РАЙОНДУК ПРОКУРАТУРАСЫ МЕНЕН БИРГЕЛИКТЕ ЖЫЙЫН ӨТКӨРҮЛДҮ

2024-жылдын 17-декабрында Нарын райондук мамлекеттик администрациясы жана Нарын райондук прокуратурасы менен биргеликте райондук администрациясынын имаратынын жыйындар залында үй-бүлөлүк зордук зомбулукту, кылмыштуулукту, эрте никеге турууну, суицидди алдын алуу боюнча координациялык кеңешме өткөрүлдү. Жыйындын күн тартибинде каралган маселе: 1. Нарын районунун аймагында жашы жете элек балдарга карата зомбулук, ырайымсыз мамиле жасоо, өспүрүмдөр…

Толук окуу…

16 КҮНДҮК АКЦИЯНЫН АЛКАГЫНДА ЖЕР-ЖЕРЛЕРДЕ ТРЕНИНГДЕР ӨТКӨРҮЛДҮ

Нарын районунун бардык айыл аймактарында 16 күндүк “Зордук зомбулуксуз жашоо!” акциясы- зомбулукту алдын алуу, анын кесепеттерин жана ага каршы күрөшүүнүн жолдорун коомго жеткирүү максатында тренингдер өткөрүлдү. Жер-жерлерде өткөрүлгөн тренингдер “Бактылуу үй-бүлө дарагы” жана “Бриллиант” методикалары менен өткөрүлдү. Тренингдин эң негизги максаты- үй-бүлөнү чыңдоо, аял менен эркектин ортосундагы чыр-чатактарды алдын алуу,…

Толук окуу…

НАРЫН РАЙОНУНУН БАРДЫК АЙЫЛ АЙМАКТАРЫНДА САЛЫКТЫК ЭМЕС ТӨЛӨМДӨР ( 713 ТОКТОМ), МИЛДЕТТҮҮ МЕДИЦИНАЛЫК КАМСЫЗДАНДЫРУУ ЖАНА ТУРАК-ЖАЙ ЖАЙЛАРДЫ КАМСЫЗДАНДЫРУУ, ЫСЫРАПКОРЧУЛУКТУ АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛҮҮДӨ

Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын атайын түзүлгөн графигине ылыйык, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Э.Жанболотова тиешелүү мекеме жетекчилер, айыл өкмөт башчылары менен биргеликте салыктык эмес төлөмдөр (713 токтом), милдеттүү медициналык камсыздандыруу, турак-жайларды камсыздандыруу, ысырапкорчулукту алдын алуу жана билим берүү мекемелеринде (мектеп, бала бакча) коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүү максатында…

Толук окуу…

НАРЫН РАЙОНУНДА ИШКЕРЛЕРДИН УКУКТАРЫН КОРГОО БОЮНЧА ЖЫЙЫН ӨТКӨРҮЛДҮ

2024-жылдын 13-декабрында Нарын районунун прокуратурасы жана Нарын райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан райондук администрациясынын имаратынын жыйындар залында жеке ишкерлер, укук коргоо жана контролдоочу органдар менен бирге жолугушуу өткөрүлдү. Аталган жолугушууга ишкердиктин ар кайсы тармактарынын жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Иш-чарада жеке ишкерлердин укуктарын коргоо, бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, инвестициялык климатты…

Толук окуу…

НАРЫН  ТОКОЙ  ЧАРБАСЫ КОНКУРС  ЖАРЫЯЛАЙТ

НАРЫН  ТОКОЙ  ЧАРБАСЫ Рекреация, чөп чабынды жана туризм тармагын  өнүктүрүү  багытында  токой фондусунун   жерлерин  ижарага  берүү  жана пайдаланууга КОНКУРС  ЖАРЫЯЛАЙТ Конкурска   төмөндөгү  участкалар  коюлат: Туризм боюнча: Каратал  токой  бөлүмүнөн: Лот №1  «Оттук  капчыгай»  участкасынан 85-кварталынын 20- бөлүкчөсү Лот №2 «Долон  капчыгай»  участкасынан 3-кварталынын 1- бөлүкчөсү; Лот №3  «Кичи Сары-Булак»  участкасынан…

Толук окуу…

РЕСПУБЛИКАДА БИРИНЧИЛЕРДЕН БОЛУП НАРЫН РАЙОНУНДАГЫ СОЦИАЛДЫК ОБЬЕКТИЛЕРДИН ЧАРБА БАШЧЫЛАРЫ ЖАНА ОТ ЖАККАН ОПЕРАТОРЛОР ОКУУДАН ӨТТҮ

2024-жылдын 9-10-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2024-жылдын 22-ноябрындагы №18-10561 сандуу тапшырмасынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы №338 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Нарын регионалдык башкармалыгынын 2024-жылдын 25-ноябрындагы №12-22/751 сандуу катынын негизинде Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын уюштуруусу менен райондун…

Толук окуу…