Нарын райондук администрациясынын башчысы-аким Н.С.Мадимаровдун бүгүнкү иш сапары Эмгек- Талаа, Миң-Булак айыл аймактарында болду.
Бул иш сапардын жүрүшүндө жаңы окуу жылына даярдалып, курулуш иштери дээрлик аяктап калган Ак-Кудук айылындагы Омор уулу Кожоке атындагы орто мектебинин курулуш иштерине күбө болуп, ишти илгерилетүү боюнча, зарыл чараларды көрүү керектигин белгилеп, тиешелүү кызмат адамдарына тийиштүү тапшырмаларды берди.
Андан соң жеңил өнөр жайды өнүктүрүү жана калкты жумуш орду менен камсыздоо максатында курулуп жаткан Миң-Булак айыл аймагынын Куйбышев айылындагы кийим тигүүчү цехте жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты.
Ошондой эле Куйбышев айылындагы мык чыгаруучу цехте болуп, жүргүзүлүп жаткан иштерди жеринен көрдү.
Район акиминин кийинки жүрүшү “Нарын кирпич завод” жоопкерчилиги чектелген коомунун ишмердүүлүгү, аткарылып жаткан иштерин жеринде көрдү. Маалымат ирээтинде айтсак аталган коомдун башкы директору Садыгул уулу Жолдоштун айтымында 2024-жылы бышыра турган отказан салынат жана завод толук ишке киргенде 50-60 адам иштей турган жумуш орду түзүлүп, суткасына 20 миңге чейин бышкан кирпич чыгара алат.
Заводдун курулушуна жергиликтүү инвестор тарабынан 800 миң доллар акча каражаты сарпталууда. Кыш чыгаруучу заводко жалпы 5 га жер аянты чечилип берилген. Анын 2 гектарына курулуш иштери бүтүп, 3 гектар жер карьер үчүн пайдаланылмакчы.