НАРЫН РАЙОНУНУН АКИМИ ОРУК-ТАМ АЙЫЛЫНДА ИШ САПАРДА БОЛДУ

2024-жылдын 25-июнунда Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Нуридин Мадимаров Чет-Нура айыл өкмөтүнө караштуу Орук-Там айылында атайын иш сапары менен болду.
Алгач Орук-Там айылында, жергиликтүү тургундар менен жолугуп, тоют тартыштыгын алдын-алуу жана сугат суусу менен жетиштүү камсыздоо максатында “Калмак-Ашуу” участогуна чейинки “Чоң- Арык” каналына, Нарын райондук өнүктүрүү фонду тарабынан акча каражат бөлүнүп, оңдоп түзөө иштеринен өтүп, учурда иштеп жаткан каналдын абалына күбө болду.
Каналдын жалпы узундугу 6 км. Орук-Там айылындагы 61 га жер аянтын сугат суусу менен камсыз кылат. Бүгүнкү күндө тазалоо иштери бүткөрүлүп, суу бериле баштаган.
Андан соң Нарын райондук өнүктүрүү фонду тарабынан Чет-Нура айылынын Орук-Там,Орто-Нура, Ийри-Суу, Чет-Нура, Ак-Кыя айылдарына таштанды таштоочу жайлардын айланасын тосуу долбоору жактырылып, Орук-Там айылындагы таштанды төгүүчү жайынын айланасы да тосулган.
Район акими аталган жайдын абалын жеринде көрүп, санитардык- экологиялык нормалардын так, туура сакталышын камсыздоону тапшырды.
Иш сапардын кийинки бөлүгү Кара- Саз жайлоосунда уланып, “Орук-Там келечеги” бала бакча жана Орук-Там айылдык китепканасы ачылып жайлоо жеринде да балдарга жагымдуу шарттар түзүлгөндүгүнө күбө болуп кайтты.

Жооп калтыруу