Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Нуридин Мадимаровдун Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнүнө карата куттуктоосу
Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Мамлекеттик кызматкерлердин ишмердүүлүгү жеңил эмес жана туруктуулукту жана берилип иштөөнү талап кылат. Өлкөнү туруктуу өнүктүрүү милдетин чечүүдө мамлекеттик кызматтын маанилүү ролу талашсыз.
Сиздердин талыкпас жана кажыбас эмгегиңиздер өлкөбүздүн мамлекеттүүлүгүнүн негиздерин олуттуу түрдө чыңдап, аны өнүктүрүүгө салым кошот.
Мамлекеттик кызматкердин эмгеги калк үчүн жоопкерчиликтүү жана жемиштүү иштин, ошондой эле тартиптин жана жогорку кесипкөйлүктүн үлгүсү катары саналат.
Мамлекеттик кызматтын негизги максаты Кыргызстандын ар тараптуу өнүгүүсүн камсыздоого жана калктын бакубаттуулугун жогорулатууга шарт түзүү болуп саналат.
Калкка кылган кызматыңыздар ак жана так болсун, ден соолугуңуздар бекем болсун жана ишиңиздерге ийгилик каалайм.