Урматтуу мекендештер!
Эң маанилүү мамлекеттик майрамдардын бири – Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынган күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Бул документ Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүн түзүүнүн эң жаңы баскычынын башталышы болуп саналат, бүгүнкү күндө ар бир адамдын укуктарын жана эркиндиктерин кепилдейт.
Конституция күнү – бул эркин жана күчтүү мамлекеттин символу, өлкөнүн өнүгүүсүнүн жана ар бир адамдын жашоо сапатын жогорулатуунун пайдубалы.
Бул өзгөчө маанилүү күндө бардык жашоочуларга жакшылык, бакубатчылык, эртеңки күнгө болгон ишеним, бүткүл Республиканын бактысы үчүн жасалган бардык иштериңиздерге ийгиликтерди каалайбыз.
Бүгүнкү майрам күнүбүз Мекенибизди кѳздүн карегиндей туткан, анын тарыхын жана кылымдарды карыткан салттарын барктап баалаган, анын жаркын келечеги үчүн жан үрѳп иштеп жаткандардын баарынын башын кошо берсин.
Сиздерге бекем ден соолук жана бакубат турмуш, бейкутчулук жана ынтымак-ырашкерлик, Мекенибиз тынчтыкта өркүндөп өсө берсин!
Сиздерди терең урматтоо менен Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мадимаров Нуридин Султанович.