📚 НАРЫН РАЙОНУНДА “АКЫРКЫ КОҢГУРОО” САЛТАНАТТАРЫ ӨТТҮ

2025-жылдын 26-майында Нарын районунун 32 жалпы билим берүү мекемесинде “Акыркы коңгуроо” салтанаттуу иш-чаралар өтүп, 11-классты 557, ал эми 9-классты 909 окуучу аяктап, турмуш жолундагы жаңы баскычка кадам ташташты.
Бүтүрүү кечесине Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров, райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Г. Исакова менен биргеликте Дөбөлү айыл өкмөтүнө караштуу Кеңеш айылындагы К.Абиров атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүлөрүн куттуктап, өз стипендиясын тапшырды.
Аким Н.Мадимаров куттуктоо сөзүндө:
“Бүгүнкү бүтүрүүчүлөр-эртеңки өнүккөн мамлекеттин пайдубалы. Сиздерге ак жол, терең билим жана зор ийгиликтерди каалайм”-деп баса белгиледи.
Ошондой эле акимдин орун басарлары жана мекеме жетекчилери райондун башка билим беруу мекемелеринде болуп, бүтүрүүчүлөргө акимдин куттуктоосун жолдошту.
Иш-чаралардын жүрүшүндө мугалимдер, ата-энелер жана коноктор бүтүрүүчүлөргө ак жол каалап, жылуу тилектер айтылды.
АК ЖОЛ, САГА БҮТҮРҮҮЧҮ! 💫
КЕЛЕЧЕГИҢ КЕН, КАДАМЫН БЕКЕМ БОЛСУН!

Жооп калтыруу