2025-жылдын 23-апрелинде Нарын районунун акими Н.Мадимаров жана тиешелүү мекеме жетекчилеринин катышуусунда Учкун айыл өкмөтүнө караштуу Куланак айылында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 токтому менен бекитилген “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Жобону аткаруу максатында жыйын өткөрүлдү.


– Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы жер мунапысын жүргүзүү боюнча комиссияларга көмөк көрсөтүү жана методикалык жардам берүү максатында түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу топко өзүнчө сунуштоо боюнча;
– Шахмат түрүнө кирбеген жер участокторун мыйзамдаштыруу боюнча документтерди топтоо, каттоо жана тийиштүү сунуштарды берүү маселелери каралды.

– Тургундардан жер тилкесине тиешелүү документтерди чогултуу;
– Ар бир учурду өзүнчө карап, чечим кабыл алуу;