Нарын районундагы М.Баетов атындагы маданият үйүндө Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мадимаров Нуридин Султанович, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Таалайбек кызы Жылдыздын катышуусунда “Энелер күнүнө” арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлүп, энелерге өзгөчө сый-урмат көрсөтүлдү.
Иш-чарада КРнын ЖКнин депутаты Таалайбек кызы Жылдыз энелерди куттуктап, энелердин коомдогу өзгөчө ордун белгилеп, терең таазим жана ыраазычылыгын билдирип, жылуу каалоо-тилектерин жолдоп, иш-чарага демөөрчү катары өзүнүн белектерин тапшырды.
Белгилей кетсек, иш-чарага көп балалуу баатыр энелер, ардактуу эс алуудагы апалар, жалгыз бой жана аз камсыз болгон энелер, мигранттардын энелери, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды баккан апалар жана маданият тармагында эмгектенген айымдар-жалпысынан 260 эне катышты.