Бүгүн, 2025-жылдын 1-июнунда — Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Э. Жанболотова Жан-Булак айылындагы аз камсыз, турмуш шарты оор үй-бүлөдон кабар алды.
Үй-бүлөнүн жашоо шартын көрүп, балдарга майрамдык маанай тартуулап, таттуулар жана керектүү азык-тулукторду тапшырды.
Акимдин орун басары Э.Жанболотова мындай үй-бүлөлөргө мамлекеттик колдоону күчөтүү жана социалдык контракт аркылуу ишкердикке багыт берүү абдан маанилүү экендигин баса белгиледи.