🌿 “ЖАШЫЛ МУРАС” ӨНӨКТҮГҮ: КӨЧӨТТӨР ОТУРГУЗУЛУП, ИШЕМБИЛИКТЕР ӨТКӨРҮЛДҮ

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен жүргүзүлүп жаткан “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында Нарын районунун айыл аймактарында көчөт отургузуу иш-чаралары уюштурулуп, аны менен бирге жалпы ишембиликтер да өткөрүлдү.
✅ Жыйынтыгында:
-Жан-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Достук айылында— 320 түп терек көчөтү отургузулду;
-Э.Дайракунов айыл өкмөтүнө караштуу Казан-Куйган айылында— 400 түп терек жана 40 түп карагат көчөтү жерге тигилди;
-Э.Дайракунов айыл өкмөтүнө караштуу Жалгыз-Терек айылындагы ФАПка — 200 түп терек, 50 түп кара жыгач, 50 түп тал көчөттөрү отургузулду.
-Эмгек Талаа айыл өкмөтүнө караштуу 8-Март айылындагы М.Осмонов атындагы орто мектебине — 100 түп алма көчөтү отургузулду;
-Эмгек-Талаа айылындагы Жылгынды-Коо участкасында 600түп малина (палони) сортундагы көчөттөр тигилди;
-Дөбөлү айыл өкмөтүнө караштуу Эки-Нарын айылында балдар ойноочу аянтчага — 30 түп карагай көчөттөрү отургузулду;
🌳 Бул иш-чараларда айыл өкмөт башчылары, айыл өкмөттөрдүн кызматкерлери, мектеп, бала бакча жамааттары жана жергиликтүү тургундар активдүү катышышты.

Жооп калтыруу