Бүгүн, 2025-жылдын 21-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевичтин Жарлыгына ылайык белгиленип жаткан “Энелер күнүнө” карата, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт бөлүмүндө болуп, ымыркайларды жарык дүйнөгө алып келген энелердин абалынан кабар алып, өз куттуктоосун жана белектерин тапшырды.
Эне — ар бир адамдын турмушундагы эң ыйык жана кымбат касиет. Сиздердин түйшүгүңүздөр — бүтүндөй коомдун пайдубалы.
Жаңы төрөлгөн ар бир наристе- бул элибиздин келечеги, үмүтү жана кубанычы.
Ошондой эле, энелердин жана ымыркайлардын саламаттыгына кам көргөн ак халатчандарга дагы ыраазычылыгын билдирди.