🇰🇬 НАРЫН РАЙОНУНУН КУЛАНАК АЙЫЛЫНДА УЛУУ ЖЕҢИШТИН 80 ЖЫЛДЫГЫ ЖАНА АСКАРБЕК ОРОЗАКУНОВДУ ЭСКЕРҮҮ КЕЧЕСИ ӨТТҮ

Бүгүн, 2025-жылдын 9-майында, Учкун айыл өкмөтүнө караштуу Куланак айылында Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына жана согуштун ардагери Аскарбек Орозакуновдун 100 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү.
👥 Иш-чарага:
– Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров;
– Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ботояров;
– Райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Ж.Нууева;
– Ардагердин балдары, неберелери, жакындары,
– Айыл тургундары, мекеме кызматкерлери, бала бакча жана мектеп жамааттары катышты.
🎖️ Иш-чара “Өлбөс полк” жүрүшү менен башталып, андан соң А.Орозакунов атындагы паркка гүлчамбар коюлуп, согушта курман болгондордун элесине куран окутулду.
✅ Нарын районунун акими Н.Мадимаров сөз сүйлөп, Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы менен жалпы элди куттуктап, ата-бабалардын эрдигине таазим кылып, өлкөдө тынчтык, туруктуулук жана өнүгүү болушун каалады.
🎭 Иш-чаранын алкагында театрдаштырылган көрүнүш жана концерттик программалар көрсөтүлдү.
✅Театралдаштырылган көрүнүш Нарын райондук Муса Баетов атындагы маданият үйүнүн мыкты кызматкери, режиссёр Тилекгүл Абылова тарабынан даярдалып, элге тартууланды.
🏆🥇🥈🥉Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына жана А.Орозакунов атанын жаркын элесине карата шахмат, тогуз коргоол, волейбол жана футбол боюнча спорттук иш-чаралар өткөрүлгөн.
Спорттук мелдештер өз жыйынтыгына келип, жеңүүчүлөр салтанаттуу түрдө сыйланышты.

Жооп калтыруу