2025-жылдын 30-майында Россия Федерациясынын Президентинин чет өлкөлөр менен региондор аралык жана маданий байланыштар боюнча башкармалыгынын башчысы Игорь Масловдун Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында, Москва шаарынан келген Кыргыз диаспорасынын Нарын облусу боюнча өкүлдөрүн Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мадимаров Нуридин Султанович кабыл алды.
Жолугушууда билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо тармагындагы маселелер талкууланып, өкүлдар тарабынан айтылган сунуштар аким тарабынан кабыл алынып, тиешелүү деңгээлде колдоо болоору белгиленди.
Ошондой эле, Москва шаарында эмгектенип жүргөн мекендештерибиздин жакын туугандарынын колунда окуп, жашап жаткан балдарды Нарын районунун акими Мадимаров Нуридин Султанович диаспора өкүлдөрү менен биргеликте кабыл алып, 1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата куттуктоолорун айтып, белектерин тапшырды.