✅НАРЫН РАЙОНУНДА АСЫЛ ТУКУМ ЧАРБАСЫНЫН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ

Бүгүн, 2025-жылдын 28-апрелинде Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси А.Мүсүрканов, Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ботояров менен биргеликте Учкун айыл өкмөтүнө караштуу Куланак айылындагы “Азим+С” асыл тукум кой чарбасынын(меринос тукумундагы койлор) ишмердүүлүгү менен жеринен таанышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө чарбанын учурдагы ишмердүүлүгү, асыл тукум мал багуудагы ийгиликтери жана келечектеги пландары тууралуу кеңири маалымат берилди.
🔹 Белгилей кетсек, аталган чарба Нарын облустук “Теңир-Тоо өнүктүрүү” фондунун колдоосу менен МТЗ-892 үлгүсүндөгү жаңы трактор техникасын алып, жалпы 2 миллион 500 миң сом өлчөмүндө колдоо алган.
🔹 Мындан тышкары, чарбада трактор үчүн бардык керектүү шаймандар, анын ичинде Ешка-302 чөп чапкыч жана 1 бортовой Спринтер унаасы да бар
✅ Бул аракеттер айыл чарба тармагын, асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө жана жергиликтүү экономикага туруктуу салым кошууга багытталган.

Жооп калтыруу