Бүгүн, 2025-жылдын 5-июлунда, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Нуридин Султанович Мадимаров Миң-Булак айыл аймагына болгон иш сапарынын алкагында бир катар курулуш объектилерин жана аймактык ишембилик иштерин жеринен текшерди.


Андан соң “Миң-Булак өнүктүрүү фонду”тарабынан курулуп жаткан жабык футболдук аянтчанын жана коомдук эс алуу багынын курулушу менен таанышып, жарандар үчүн ыңгайлуу шарт түзүлүшү керектигин баса белгиледи.