Бүгүн, 2025-жылдын 9-апрелинде Нарын областынын прокурорунун тапшырмасынын негизинде, Нарын районунун прокурору Д.Суранбеков, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Э.Жанболотова, Нарын РИИБнин башчысынын орун басары Т.Ашырбаев, айыл өкмөт башчылары, социалдык кызматкерлер, райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жана райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлеринин, Укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссиясынын катышуусунда жашы жете электер арасындагы кылмыштуулуктун, анын ичинде тоноо, карактоо, опузалап талап кылуу, башка бирөөнүн өмүрүнө же ден соолугуна зыян келтирүү, уруп-сабоо, уурулук, зордуктоо, ыплас аракеттер, эрте никеге туруу, өз өмүрүнө кол салуунун (суицид), балдарга карата зомбулуктун, балдарга карата жасалган ыплас аракеттердин, наркоманиянын кесепеттери жана келечекке тийгизген таасири, аларды алдын алуу механизмдери, ошондой эле жаш өспүрүмдөрдүн мыйзамы менен корголгон укук-милдеттери жөнүндө жыйын өткөрүлдү.
Ошону менен катар, жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу, турмуштук оор кырдаалда турган, анын ичинде жетим, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын, жана башка аярлуу катмарлардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо багытында натыйжалуу иш-чараларды уюштуруу боюнча тийиштүү тапшырмалар берилди.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы 104-р сандуу тескемеси менен бекитилген “2025–2028-жылдарга Балдар укугу жөнүндө конвенцияны аткаруу тууралуу сунушталган бириктирилген бешинчи жана алтынчы мезгилдик баяндамалар боюнча БУУнун Балдар укугу боюнча комитетинин корутунду сын-пикирлерин ишке ашыруу боюнча иш-чаралар Планынын” алкагында жүргүзүлүп жаткан иштерди күчөтүү зарылдыгы баса белгиленди.
Ошондой эле райондун прокурору балдардын арасындагы кылмыштуулуктун алдын алууга милдеттүү болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өз ара тыгыз кызматташуусун күчөтүүнү талап кылды.