✅✅✅НАРЫН РАЙОНУНУН ОТТУК, МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДАРЫНДА ИЙНЕ ЖАНА ЖАЗЫ ЖАЛБЫРАКТУУ КӨЧӨТТӨРДӨН 300 ТҮП ОТУРГУЗУЛДУ

2025-жылдын 19-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун демилгеси менен жүргүзүлүп жаткан “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында Нарын районунун Оттук жана Миң-Булак айылдарында жашылдандыруу иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чарага катышкандар:
🔘Нарын райондук мамлекеттик
администрациясынын башчысы- аким Н.Мадимаров;
🔘Акимдин биринчи орун басары Б.Кошалиев;
🔘Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Окенов;
🔘 “Жон-Жи-Майнинг” ЖЧКнун өкүлдөрү;
🔘жергиликтүү тургундар, мектеп жана бала бакчанын жамааттары, айыл өкмөттүн кызматкерлери жана жаштар катышышты.
🌿🌲🌳Бул иш-чарада жалпы 300 түп көчөт отургузулду, анын ичинен 150 ийне жалбырактуу жана 150 жазы жалбырактуу көчөттөр.
✅ Иш-чаранын негизги максаттары:
– экологияны коргоо жана аймакты жашылдандыруу;
– коомдук жайларды көрктөндүрүү;
– келечек муундарга таза айлана-чөйрө калтыруу.
🌳🌱 Оттук жана Миң-Булак айылдарына отургузулган көчөттөр “Жон-Жи-Майнинг” Жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан каржыланган.
Ошондой эле иш-чара флешмоб менен коштолду.

Жооп калтыруу