Бүгүн, 24-апрелде Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров жана тиешелүү мекеме жетекчилердин катышуусунда Э.Дайракунов(Жерге-Тал) айыл өкмөтүнө караштуу Казан-Куйган айылында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 токтому менен бекитилген “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Жобону аткаруу максатында жеринде жыйын өткөрүлдү.


– Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы жер мунапысын жүргүзүү боюнча комиссияларга көмөк көрсөтүү жана методикалык жардам берүү максатында түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу топко өзүнчө сунуштоо боюнча;
– Шахмат түрүнө кирбеген жер участокторун мыйзамдаштыруу боюнча документтерди топтоо, каттоо жана тийиштүү сунуштарды берүү маселелери каралды.

– Тургундардан жер тилкесине тиешелүү документтерди чогултуу;
– Ар бир учурду өзүнчө карап, чечим кабыл алуу;