Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин демилгеси менен Нарын районунда ар жуманын дүйшөмбү күндөрү азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана бааларды турукташтыруу максатында азык-түлүк жарманкеси өткөрүлүп келет.
Бүгүн, 2025-жылдын 22-декабрында кезектеги азык-түлүк жарманкеси өткөрүлдү.
Жарманкеге Чет-Нура жана Жан-Булак айыл өкмөттөрүнүн дыйкан-фермерлери катышып, эт, сүт азыктары, кымыз, бозо, бал, картошка, пияз, арпа, сулу, нан жана башка күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүк продукцияларын сунушташты.








