✅✅✅КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫКТАРЫНЫН ЖАНА МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУНУН АЛКАГЫНДА НАРЫН РАЙОНУНДА ИШТЕР АТКАРЫЛУУДА

Кыргыз Республикасынын Президентинин №109, №56 жана №291 Жарлыктарынын талаптарын ишке ашыруу максатында Нарын районунда бир катар иштер жүргүзүлүүдө
.
📌 Кыргыз Республикасынын Президентинин N109 Жарлыгы боюнча
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги «Жерлерди өзү билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу, болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө» №109 Жарлыгын Нарын районунда аткаруу максатында Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын буйругу менен комиссия түзүлүп, комиссия тарабынан жалпы 1026 айыл тургундарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, комиссия айыл өкмөттөрү менен биргеликте айыл аймактарындагы укук күбөлөндүрүүчү документтеринен сырткары ашык колдонулган жалпы 178,2га жер аянты айыл өкмөттөрүнө кайтарылган.
2025-жылдын 1-кварталына 29,5га кайтарылып, жылдыруу боюнча айыл тургундарына жалпы 643 билдирүүлөр берилди.
📌Кыргыз Республикасынын Президентинин N56 Жарлыгы
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-мартындагы “Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерге) жол боюндагы тейлөө объекттерин (анын ичинде сооданы) мыйзамсыз жайгаштыруу алдын алуу бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” №56 Жарлыгын аткаруу максатында комиссия түзүлүп, комиссия айыл өкмөттөрү менен биргеликте жол жээгине чыгып кеткен объект ээлерине жана айыл тургундарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жол жээгине чыгып кеткен объектилеринен, жалпы Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунан жалпы 10 табло жарнамалык шиттер, Оттук айылынан 2 дүкөндүн тосмолору 2 метрден артка жылдырылган. Нарын-Орук-Там унаа жолунан 2 кичи дүкөн артка жылдырылса 1 бузулган. Ал эми айыл тургундарынын жалпы 259 (корук, зым, дубал) бузулган
📌 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин N291 токтому
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 токтому менен бекитилген “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Жобону аткаруу максатында атайын комиссия түзүлүп, жалпы комиссияга 653 арыздар сунушталып, коомдук талкуудан 472 арыз өткөрүлүп, 397 жер участогун бекитип берүү боюнча комиссиянын чечими чыгарылып, 365 мамлекеттик актылар алынган.

Жооп калтыруу