✅✅✅«ДОСТУК» ШАЙЫР АПАЛАР ТОБУНА — 10 ЖЫЛ! ЭНЕЛЕРГЕ АРНАЛГАН АЛЛЕЯНЫН АЧЫЛЫШЫ МЕНЕН КОШТОЛДУ

📍2025-жылдын 20-майында Жан-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Достук айылында «Достук» шайыр апалар тобунун түзүлгөндүгүнүнүн 10 жылдык мааракеси белгиленип, ошону менен катар элет энелерине арналган чакан аллеянын ачылышы болуп өттү.
🌿 Алгач иш-чара энелерге арналган аллеянын ачылышы менен башталып, бул өзгөчө белек айыл тургундарынын биримдиги, маданий жана руханий баалуулуктарга болгон мамилесинин символу катары тартууланды.
Бул демилге айыл элинин демилгеси жанан колдоосу менен ишке ашып, элет турмушуна өзгөчө кооздук тартуулады.
Иш-чарага Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Э.Жанболотова, райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Г.Исакова, маданият бөлүмүнүн жетекчиси Ж.Нууева, Нарын райондук аялдар кеңешинин төрайымы К. Ибраева, Жан-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы У.Боскунчиев, Ат-Башы ГЭСинин жетекчиси, жергиликтүү кеңештин депутаттары, райондун шайыр апалары, айыл тургундары жана ардактуу коноктор катышышты.
🎶 Майрамдык иш-чара «Достук» шайыр апалар тобу тарабынан даярдалган ыр-бий жана концерттик номерлер менен коштолуп, келген конокторго жагымдук маанай тартууланды.
Нарын райондук мамлекеттик администрациянын башчысы-аким Н.Мадимаровдун куттуктоо сөзүн орун басары Э.Жанболотова жолдоп,
апалардын чыгармачылыгына жана маданий мурастарды сактоого кошкон салымдарын жана эмгектерин жогору баа баалап, “Ыраазычылык каты” тапшырылды.

Жооп калтыруу