
Жыйынга Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Улуттук агенттиктин Нарын облусу боюнча өкүлү А.Максутов, Нарын районунун прокурору Д.Суранбеков, Нарын РИИБдин башчысынын орун басары Э.Муратбек уулу, айыл өкмөт башчылары, айыл башчылар, диний кызматкерлер жана мекеме жетекчилери катышты.
Жыйындын жүрүшүндө мыйзамдын негизги жоболору тууралуу презентация көрсөтүлүп, дин тутуу тармагында мыйзам бузуулардын алдын алуу, диндер аралык ынтымакты сактоо жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу маселелери талкууланды.
Жыйындын катышуучуларына мыйзамдын мааниси жана талаптарын калкка кеңири жайылтуу боюнча маалыматтар берилип, суроо-жооптор айтылды.

– Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген дин эркиндигин жана светтик принципти камсыз кылуу;
– диний чөйрөдөгү бөлүнүп-жарылуунун алдын алуу;
– диндер аралык мамилени жакшыртуу;
– мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнө шарт түзүү;
– динди саясатташтырбоону камсыздоо.